Кадамжайда өзбек жарандарын тоноого шектелгендер кармалды

0
791

Өзбекстандын Фергана облусунун тургундары Кадамжай районунун аймагы аркылуу Сох анклавына каттоодо кыргыз жарандары тарабынан тоноого кабылганы тууралуу Кыргызстандын ички иштер органдарына кайрылган. Ушул жылдын сентябрь, октябрь айларында жазылган мындай арыздарда өзбек жарандары Кыргызстандын аймагында машианаларын белгисиз адамдар токтотуп, акча жана кол телефондорун тартып алып койгонун белгилешкен.

Бул арыздын негизинде кылмыш иши козголуп,  териштирүүлөр жүрө баштаган. Натыйжада өзбек жарандарын тоноого шектелип, Кадамжайдын Ак-Турпак айылынын 54 жаштагы жана 39 жаштагы тургундары кармалды. Алар милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилгенин бүгүн Баткен облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзбекстандын Сох анклавы Баткен облусунун ичинде жайгашкан.  Анклавдын эли Өзбекстандын негизги аймагына каттоодо кыргыз айылдарын аралап өтөт.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here