Кадамжай: 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча иш сотко өттү

0
1364

Кадамжай районунда мектеп окуучусу, 14 жаштагы Айдай Кочкорованын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү боюнча козголгон ишти тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү. Эми Кадамжай райондук соту иш качан караларын 3 күн ичинде белгилеши керек. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ушул жылдын 4-сентябрында Кадамжайдын Исхак-Полотхан (мурдагы Халмион) айыл аймагында 9-класстын окуучусу, 14 жаштагы кыздын зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлүшү бүтүндөй өлкөгө дүң болуп, элдин үшүн алган. Кыздын жасаты Ош-Баткен жолунун 146-чакырымындагы сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка байланган абалда табылган. Көп өтпөй Кадамжай районунун бул кылмышка шектелип кармалган төрт тургуну эки айга камакка алынган. Алардын бири мектеп окуучусу.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз тайенесинин колунда жүргөн, ата-энеси Москвага иштегени кеткен. Алар кылмышкерлерге катуу жаза берүүнү талап кылып келатышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here