Кара-Бак айылындагы үйлөр жаңы жылга чейин пайдаланууга берилет

0
973

Баткен районундагы Кара-Бак айылында сентябрь айындагы куралдуу жаңжалда жалпысынан 7 үй күйгөн. Учурда анын алтоосунда курулуш иштери жүрүүдө. Бир үй чек арадагы талаш аймакта жайгашкандыктан курулушу токтоп турат. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбековдун “Салам медиага” билдиргенине караганда, курулуш иштери жаңы жылга чейин толук аяктап, үй ээлерине тапшырылмакчы. Курулуш иштерин ушул эле айылдын тургуну Акылбек Мырзапаров жетектеген «Кара-Бак курулуш жамааты» ишканасы жүргүзүүдө. Курулушчулардын баары жергиликтүү тургундар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here