Баткенде Тажикстанга өтүп кеткен уйлар ээсине кайтарылды

0
1208

Баткендин чек арадагы Ак-Сай айылынын тургунуна тиешелүү алты уй 27-ноябрда короодон чыгып кеткен бойдон табылбай жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн.

Териштирүү учурунда кароосуз калган алты уй аталган айылга чектеш Ворух анклавынын аймагына өтүп кеткени аныкталган. Баткен райондук милициясынын кызматкерлери Тажикстандын Исфара районундагы ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын натыйжасында кошуна өлкөгө өтүп кеткен 6 уй ээси, Ак-Сай айылынын тургуну Запарбек Жолдубаевге кайтарылып берилди.

Бул тууралуу бүгүн облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here