Кыргызстанда ВИЧ инфекциясына кабылгандардын саны 12 миңден ашты

0
350

Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 12 039га жетти. Анын ичинен 11 344ү кыргызстандык болсо, калганы чет элдик жарандар.

Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча, мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет. Быйылкы жылдын эсебинен ВИЧ инфекциясына 819 адам чалдыгып, алардын 55 пайызы ооруну жыныстык жол аркылуу жуктуруп алганы такталган.

Баткен облусунун аймагында болсо быйыл ВИЧ-СПИДдин 286 учуру катталган. Бул сан былтыркыдан 18 учурга көп.

Бүгүн, 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here