Баткенде жол коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмалар коюлду

0
343

Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Маруфхан Тулаев облустун аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана алардын кесепеттерин азайтуу боюнча жыйын өткөрдү. Анда облус аймагында акыркы күндөрү адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатканы боюнча маселе козголуп, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча сунуштар талкууланды.
Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү деңгээлде иш алып баруу зарылдыгы баса белгиленип, өзгөчө облустун бардык аймагындагы жол сакчыларына жол кырсыгын азайтуу максатында көзөмөлдү күчөтүү менен алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу тапшырмалары коюлду.

Акыркы 2 жума ичинде Баткен облусунда жол кырсыктарынан 10 адамдын өмүрү кыйылды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here