Баткенде окуучулар коронавирус жана эмдөөнүн мисалында фейк маалыматтарды таанып билүүнү үйрөнүүдө

0
1137

 

Баткен районунун Кара-Бак айылынын Бото Нарматов атындагы орто мектебинде маалыматтык жолугушуу өттү.

Жолугушууда медиа тренерлер окуучуларга “Медиа сабаттуулук”, “Журналист менен блогердин айырмасы” тууралуу маалымат берип, алар коронавирус жана эмдөөнүн мисалында фейк маалыматтарды таанып билүүнү үйрөнүштү.

Ошондой эле “Смартфондо сапаттуу видео тартуу жана монтаждоо” сабагында окуучулар коронавирустан сактануу жолдору, эмдөө,туура тамактануу, өздүк гигиена темаларында кыска видео роликтерди тартуу ыкмалары көрсөтүлдү.

Ал эми “Ден соолукту кантип сактоо керек?” деген темада дарыгер пландуу эмдөө, иммунитетти чындоо, туура тамактануу, тазалыкты сактоо, чылым чегүү жана стресстик абалдан чыгуу жолдору тууралуу маалымат берди.

Иш чара ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу астында “Дааназат” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Балдардын жана  энелердин коопсуздугун,  бакубатчылыгын камсыз кылуу” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Мындай жолугушууларды Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара айылдарында жайгашкан 7 мектепте өтүү пландаштырылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here