Баткенде 136 кап алма алып чыгып бараткан өзбек жараны кармалды

0
1302

Баткенде бажычылар 3,5 тоннадан ашык аткезчилик жүк менен өзбек жаранын кармады.  Мамлекеттик бажы кызматынан бүгүн билдиришкенге караганда, Кадамжай районунун Пүлгөн айылындагы Кадамжай “МТ” көчмө бекетинде өзбек жаранынын башкаруусундагы Hyundai Porter унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда бажылык текшерүүдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ар бири 26 кг. салмактагы 136 кап алма табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы үч жарым тоннадан ашат,  орточо баасы 177 миң сомдой.

Жагдайлар такталып, маселе чечилгенче унаа жүгү менен “Кайырма Дума” ЖЧКсынын убактылуу сактоочу кампасына киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here