Баткен шаарында көчөлөр кеңейтилүүдө

0
975

Кызыл-Жол кварталынын Мамат Имаров жана Мыйзам ажы көчөлөрүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жашоочуларга шаар бийлиги тарабынан эскертүү берилип, кээ бир жашоочулар өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулуштарды август айында эле бузган. Ал эми талаптарды арткарбагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада тургундар жолду кеңейтүүгө макул болгон.

Белгилей кетсек ушундай жумуштар  өткөн жумада шаардын Апаз Жайнаков көчөсүндө жүргөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here