Баткенде менчиктешип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

0
937

Баткен шаардык мэриясынын 2008-жылдагы токтому менен 0,15 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бөлүнүп берилгени аныкталды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган жер тилкеси боюнча прокуратура сотко доо менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкенин укук белгилөөчү жана укук ырастоочу иш кагаздары жараксыз деп табылган.

Областтык прокуратура тарабынан Баткен шаардык мэриясына келтирилген прокурордук актынын кароонун жыйынтыгында, жалпы 2 млн. 100 миң сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчиктин эсебине кабыл алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here