Баткенде лицензиясы жок автомектеп жабылды

0
641

Лицензиясы жок иштеп келген автомектептин филиалы жабылганын бүгүн облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Атайын түзүлгөн эксперттик комиссиянын курамы жыл башынан бери автомектептердин айдоочулук курамды даярдоо жана кайра даярдоо багытында жүргүзгөн иштерине, лицензиялык талаптардын сакталуусу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп келет.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 3 протокол жазылып, эч кандай лицензиясы жок автомектеп ачып алганы үчүн 1 автомектептин филиалы жабылган.

Облустун аймагында жалпы 27 автомектеп бар. Анын ичинен 5 спорттук-техникалык коргонуу мекемеси, 10 кесиптик лицей жана 12 жоопкерчилиги чектелген мекемелер бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here