БУУ Баткенде чек арада жабыркагандарга акчалай колдоо көрсөтөт

0
1894

БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Баткендеги чек ара окуясынан жабыркаган калкка гуманитардык жардам катары 230 тонна жогорку сорттогу ун, 400 тонна өсүмдүк майын берди. Алдыңкы убакытта дагы 170 тонна гуманитардык жардам берилет.

Мындан тышкары жабыркаган үй-бүлөлөргө кийинки жылы да гуманитардык жана материалдык колдоо көрсөтүү пландалууда.

Бул тууралуу Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накайдын жолугушуусунда белгилүү болгонун бүгүн аталган министрликтен кабарлашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here