Баткен шаарына катальпа көчөттөрү отургузулууда

0
400

Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнө катальпа дарагынын көчөттөрү тигилип жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалдык департаменттин башчысы Акрам Орозалиев билдирди.

Маалыматка ылайык,  шаардын борбордук  Жусупов, Салихов жана Нургазиев көчөлөрүнүн экинчи бөлүгүнө катальпа дарагынын көчөттөрү тигилип жатат. Учурда Баткен шаары боюнча 150 көчөт отургузулду. Эми бул өзгөчө дарактын дагы 100 көчөтү шаардын батыш тарабындагы “Манас” эс алуу багына тигилет.  

Катальпа дарагы Баткен шаарына биринчи жолу тигилүүдө. Дарактын өзгөчөлүгү шаар көчөлөрүнө ыңгайлуу жана чаңга, абадагы газга туруштук берип, атмосфераны жакшы тазартат жана сууну да аз ичет. Дагы бир өзгөчөлүгү — көктөр замат гүлдөй баштайт. Бул дарактын декоративдик түрүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Украина, Беларус жана Орусиянын түштүгүндө өстүрүп келишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here