Баткенде 1-декабрдан тарта паппиломага каршы эмдөө жүрөт

0
348

Баткен облусттук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери мектеп окуучулары арасында папиллома вирусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.Аталган мекемеден билдиргендей,Баткенде 1-декабрдан тарта паппиломага каршы эмдөө жүрөт.

Декабрь ичи 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздар аталган эмдөөдөн өтөт. Ошондой эле эмдөө ыктыярдуу түрдө, акысыз жүргүзүлөт.

Папиллома вирусу — жатын моюнчасынын рагын пайда кылат. Бул ден соолукка олуттуу коркунуч туудурган илдет жана кеңири таралган.

Рактын бул түрү өлкөдөгү аялдардын рак оорусуна чалдыккандардын арасында 2-орунда турат. Папиллома вирусу 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп таралган түрү болуп саналат.

Дарыгерлер белгилегендей, өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө жатын моюнчасынын рагынын алдын алат. Жыл сайын Кыргызстанда 600дөн ашуун папилома учуру жана 300гө жакын өлүм катталат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here