Чек арада жабыркаган 826 жарандын документтери калыбына келтирилди

0
571

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өздүгүн тастыктаган документин жоготкон жарандардын документтери калыбына келтирилүүдө. 22-ноябрда Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев жарандарга докуенттерин тапшырды. Бул тууралуу облустун маалымат кызматы кабарлады.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борборунун (ЦОН) 1-кабатында жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча жарандарды кезексиз кабыл алуу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы Лейлек районуна 380, Баткен районуна 414 жана Кадамжай районуна эвакуация болгон 31 жарандын арызынын негизинде документтери калыбына келтирилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here