Баткенде жол кырсыгынан 8 адамдын өмүрү кыйылды

0
3186

Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт, 22.11.22. (Баткен ОИИББнын маалымат кызматы тараткан фото)

Кырсык 22-ноябрдын кечинде Баткен-Ош жолунун 212-чакырымында болгон. Кечки 8-9дар ортосунда аталган жолдун Баткен районунун Жаңы-Жер айылына тушташ бөлүгүндө Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус Опел Вектра унаасы кагылышып кеткен. Кырсыктан 8 адам каза таап, жаракат алган дагы бир киши ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу “Салам Медиага” Баткен облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалымат катчысы Бектемир Мамытов билдирди.

Жол кырсыгына кабылгандар Баткен районунун Бужум айылынын тургундары болгон. Айылдаштарынын айтымында, алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Маркумдар Кадамжай районунун Миң-Чынар айылына турмушка узап жаткан кызынын тоюна бара жаткан.

Бул окуядан бир кун мурда, 20-ноябрдын түнүндө, ушул эле Ош-Баткен жолунда Баткен шаарында жашаган дагы бир үй-бүлө жол кырсыгына учураган. Анда жеңил унаа жүк ташыган машиненин чиркегичи менен сүзүшүп, ата-бала каза болгон.

Бул жол кырсыктарына катуу ылдамдык себеп болгону божомолдонууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here