Чек ара аймактарындагы элге укуктук жардам көрсөтүлүүдө

0
546

Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорундагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын калкына акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүдө. Бул айылдардын калкы негизинен миграция, жумушсуздук, жөлөкпул жана жер тилкелерин алуу сыяктуу маселелерде укуктук жардамга муктаж. Буга чейин мамлекеттен турак жай салуу үчүн жер алып, бирок тактала элек чек ара аймагына жакын жайгашкандыктан үй кура албай жүргөн жарандар да жок эмес.

Бул долбоордун алкагында Юстиция министрлигине караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун адвокаттары жарандарга акысыз укуктук кеңеш берүүдө.

Иш чара АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган АКСЕЛС уюму аркылуу ишке ашырылып жаткан “Укугуңду бил” долбоорунун алкагында уюштурулду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here