Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам берилет

0
778

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын айрым участкалары боюнча мыйзам долбоорун кароого катышып, сөз сүйлөдү. Өлкө башчысы өз сөзүндө Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Төрт-Көчө боюнча кол койгон протоколуна да токтоло кетти.

“Тажик тарап ар дайым Төрт-Көчө боюнча протоколду карманат. Астанада үч тараптуу жолугушууда тажик тарап кол койгон протоколун аткарбай келет деп бизди  айыптады. Андан бери эки жолу сүйлөштүк. Биз Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам бердирип жатабыз” – деди президент

Президент  ортодогу эки тараптан тең бир катар үйлөр алына турганын да кошумчалады.

Төрт-Көчө Баткен жана Лейлек райондорун байланыштырган жолдо жайгашып, Тажикстандын Исфара шаары менен Ворух анклавын байланыштырган жолду кесип өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here