Кыргызстандык эки балбан Испаниядагы 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионатында күмүш жана коло медалга ээ болду. Күрөш федерациясынын маалыматында күрөштүн үч түрү боюнча өткөн мелдеш 17-23-октябрда Понтеведра шаарында болду.
Эркин күрөш боюнча 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу күмүш жана 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медаль тагынды.