Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору Президенттин катышуусунда каралууда

0
287

Бүгүн 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште Президент Садыр Жапаровдун, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда каралууда.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Камчыбек Ташиевдин маалыматында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү участокторду Кыргызстанга калтырып жазуу боюнча макулдашылды: Алар
Гавасай 12 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 га.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында калаарын билдирди.

Мындан тышкары, Кемпирабад суу сактагычы боюнча 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында калаарын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо талабы камтылып жатканын айткан Камчыбек Ташиев: “Суу башкаруу эки мамлекеттин өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт”,– деди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here