Чек арада жабыркаган жарандардын 20млн сомго чукул насыясы жоюлду

0
296

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан жабыркаган жарандардын насыясын жоюу иш аракеттери уланууда.

Тагыраагы 2022-жылдын сентябрь айында болгон Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 млн 370 миң сом насыясы жоюлду.

2022-жылдын 10-ноябрына карата банкттарга 443 насыя алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 млн 370 миң сом суммасында 280 кредит эсептен алынып салынган, 28 млн 836 миң сом суммасында 138 насыянын шарттары жеңилдетилген.

Азыркы учурда да банктар жабыркаган жарандардын арыздарын кароону улантып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here