Халмион Исхак-Полотхан болуп өзгөрдү

0
1024

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун үч айыл аймагы жана 10 айылынын аталыштары өзгөртүлгөн. Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алган.

Документтин максаты — мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, айылдарга учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген аталыштарды кайтарып берүү. Айылдардын атын өзгөртүү боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундары менен макулдашылган.

Мыйзамга ылайык, Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы, Марказ айылы Айрыбаз айылы, Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Тегирмеч, Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы, ушул эле айыл өкмөттөгү Ноогардан айылы Ак-Өргө, Халмион айылы Жеңиш айылы деп өзгөртүлдү.

Ошондой эле Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы, Даргаз айылы Кереге-Таш, Дархум айылы Жети-Таш, Маргун айылы Мурас, Чурбек айылы Үч-Булак, Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Ак-Босого, Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сары-Дөбө айылы деп өзгөрдү.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Бул өзгөртүүлөрдүн ичинен эң эле маанилүүсү Исхак-Полотхандын аты Халмион айыл аймагына берилиши болду. Искак Асан уулу Полот хан (1844-1876) кыргыздын ичкилик тобунун бостон уруусунан чыккан тарыхый инсан, азыркы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган. Кокон хандыгынын 1873, 1875-жылдары эки жолу ак кийизге салынып көтөрүлгөн акыркы ханы. Ал тарыхый маалыматтарда чыгаан мамлекеттик ишмер, таланттуу кол башчы, азаттык идеясын элине түбөлүк таштап кеткен мекенчил инсан катары сүрөттөлөт. 1875-жылдын жайында Орусия империясынын өкмөтү Полот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. Аскер сотунунн өкүмү менен Полотхан 1876-жылы 1-мартта дарга асылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here