Милиция кызматкерлери атасы 10 жылдан бери издеп жүргөн 35 жаштагы Нурланбекти Талас облусунун аймагынан тапты.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, милицияга Баткен районунун Ак-Сай айылынын 73 жаштагы тургуну 35 жаштагы уулу 2012-жылы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайыны жок болуп жатканы тууралуу кайрылган. Ал милициядан уулун таап, же жок дегенде өлүү-тирүүсүн аныктап берүүнү өтүнгөн.
Милиция кызматкерлери Нурланбектин жашаган жерин аныктап, андан соң ата-баланы жолуктурган. Нурланбек Талас районунун Бал-Бал айылында жашап, жергиликтүү тургундардын малын багып иштеп келгени белгилүү болду.