Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалыматына караганда, кырсык 10-ноябрь күнү кечки саат 22:35 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда болгон.
Ырчы отурган автоунаа Боом капчыгайындагы «Семенов» көпүрөсүнөн Чу суусуна кулап кеткен. Балыкчыга бара жаткан Мерседес-бенс үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада айдоочу алган жараатынан улам ооруканага жеткирилген. Жүргүнчү Бекжан Темирхан алган жаракатынан ошол жерде каза болгон.
26 жаштагы ырчы Бекжан Темирхан кыргыз шоу-бизнесинде жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылардын бири эле. Ал коомчулукка «Эзилип бүттүм», «Кантем», «Ата-энем» деген ырлары менен таанылган. Ырчынын сөөгү кичи мекени — Аксыда жерге берилет.