Сүлүктү шаардык ички иштер башкармалыгы шаардагы жогорку окуу жайында экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү тууралуу окууларды өткөрдү.
Аталган иш-чара жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктардын таралышына жол бербөө, интернет аркылуу экстремизм жана терроризмге байланыштуу маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу жана улуттар аралык достукту чыңдоо максатын көздөйт.