Баткен облусунун башчысы чек арада жабыр тарткан ишкерлер менен жолукту

0
772

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев Лейлек районуна жасаган иш сапарынын учурунда тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган ишкерлер менен да жолугушту. Анда ишкерлер Интернационал айылындагы “Достук” базарын тез арада калыбына келтирип, ишке киргизүү жана жеңилдетилген насыя берүү маселесин көтөрүштү. Облус башчысы “Достук” базары жакынкы күндөрү калыбына келтирилип, ишке кирээрине ишендирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бул иш сапарында Лейлектин чек арадагы Сада, Интернационал, Максат, Арка айылдарында болуп, элдин үнүн укту. Чек ара жаңжалында жабыркагандарга мамлекет тарабынан берилипа жаткан жардамдар, көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берди. Бул тууралуу бүгүн облустук бийликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here