Жогорку Кеңештин Төрагасы Баткендин чек ара айылдарына барды

0
625

Бүгүн, 9-ноябрда Төрага Нурланбек Шакиев Баткен облусуна болгон иш сапары алкагында чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен районунун Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү тараткан маалыматка таянсак, учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө, 20 үйдүн дубалдары тургузулуп, курулуш иштери уланууда. Бирок жергиликтүү тургундар жумуштардын жай жүрүп жатканына кабатыр.
Ушундай эле курулуш иштери Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында да жүргүзүлүүдө. Аймакта 58 үй жана социалдык мекемелердин имараты салынууда.

Жалпысынан эки айылда тең турак-жайлардан тышкары, керектүү социалдык мекемелерди куруу жана жол, суу, жарыктандыруу өңдүү инфраструктуралык долбоорлор каралган.

Эл менен да жолугушууда Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин берген маалыматына карабай, жасалып жаткан иштерди жеринде өз көзү менен көрүү үчүн келгенин белгиледи.
Ал эми Баткен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Учкунбек Жоробаев облусту өнүктүрүү максатында каралган 500 млн сомдун 125 млн сому Баткен районуна бөлүнгөнүн маалымдады.

Андан соң төрага жана депутаттар “Достук” чек ара заставасында болушту.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here