Баткен районунда арзан көмүр кампалары түзүлүүдө

0
536

Баткен райондук акимчилигинен кабарлашканга караганда, учурда Бужум айылында Дара айыл аймагынан чыгарылып жаткан Ормузандын көмүрү 30 тоннага жакын түшүрүлдү. Ал жерде көмүрдүн бир тоннасы 5 миң сомдон сатылып жатат.

Бул аракет президент Садыр Жапаровдун кышка карата даярдык көрүү жана элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасынын алкагында жүрүп жатат. Район акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасы менен арзан баадагы көмүрлөр райондогу 9 айыл өкмөттүн бардык айылдарында уюштурулууда. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткан жарандарга да көмүр жагынан жардамдар көрсөтүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here