1-ноябрдан 4-ноябрга чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы Кыргызстандын окуучулары арасында биринчи жолу республикалык хакатон өткөрдү.
Иш чаранын максаты — суроо-талапка ээ болгон кесиптердин бири катары IT багытында жаштардын маалыматтык сабаттуулугун, алгоритмдөө, программалоо жана кесипке багыттоо көндүмдөрүн жогорулатуу болуп саналат.
Хакатонго өлкөнүн ар кайсы облусунан 14-17 жаштагы окуучулар катышып, алар сунушталган маалыматтардын негизинде аналитикалык тапшырмалардын аткарылышын иштеп чыгып, презентация жасашты.
Жыйынтыгында I орунду — Баткен облусунун курамасы ээлеп, жеңүүчү аталды.
Командада жаш программисттер Ахмадов Шахзод, Кудайбердиев Кудайберген, Азимбеков Умарбек, Джамалидинов Мурадыл жана Джамалидинова Эляноралар бар.
Ал эми II орун — Ош шаарынын курамасы, III орун — Ысык-Көл облусунун курамасы ээледи.