Лейлек районунун Раззаков шаарындагы борбордук И.Раззаков жана Г. Кошмуратов көчөлөрүндө унаа жолу асвальтталып, тротуарлар оңдолууда.
Раззаков шаардык мэриясынан билдиришкендей, жалпы 790 чакырым жол оңдолот.
Оңдоп-түзөө жумуштары Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.
Бүгүнкү күндө курулуш 80%га аяктады.
Мындан сырткары Раззаков шаарынын музейлер комлексинин алдындагы аллеянын 225 метр тротуарлары оңдолуп пайдаланууга берилген.
Музейдин айланасын көрктөндүрүү максатында суу кетүүчү бетон арыктар да орнотулган.
Оңдоп-түзөө иштерине шаардык бюджеттен 364миң сом, ал эми БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы «эмгек үчүн акчалай жардам» долбоорунун алкагында 200 миң сом каражат жумшалган.