Өзбекстандагы мелдештен алтын кур уткан Дилдора Рахманова 9 мамлекеттин ичинен таяк тартыш боюнча 1- орунду ээлеп, дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дилдора Рахманова өзү Салам Медиага билдирди.
Балбан айымдын маалыматына караганда 3-7- ноябрь күндөрү Бүткүл дүйнөлүк таяк тартыш боюнча чемпионат Өзбекстандын Алмалык шаарында өткөн. Мелдешке жалпысынан 9 мамлекет катышкан, 7-ноябрда жыйынтыктоочу беттеш болгон.
Дилдора Рахманова буга чейин да 2016 -жылы алыш күрөшү жана көчмөндөр оюну боюнча дүйнө чепиону болгон. Андан сырткары ошол эле жылы Кыргызстандын мыкты спортчу айымы атанган.