Ош шаардык милициясы билдиргендей, 8-ноябрда саат 10:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” мейманканасында 1978-жылы туулган Кытай жараны киши колдуу болуп каза болгон.
Кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган Кытай жараны кармалды.
Шектүү оор кылмыш жасаганын моюнуна алып, маркум анын жетекчиси болгонун жана айлык акысын бербей жүргөнүн айткан.
Шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.