Баткенде ишкер айымдарды колдоого багытталган форум өттү

0
433

8-ноябрда Баткен шаарында “Тилектештик-Аракет-Жыйынтык” аталышындагы форум болуп өттү. Форум “Курак аялдар форуму” коомдук бирикмеси тарабынанан уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында иш чара бүткүл дүйнөлүк аялдар ишкердигинин күнүнө карата ишкер аялдарды колдоо максатын көздөйт.

Форумга Баткен облусунунун аймагынан келген ишкер айымдар катышып, ишкердигин ийгиликтүү жолго салган айымдар тажрыйбалары менен бөлүштү.
Форумда айыл чарба, медицина, маркетинг жана башка тармактарда ордун тапкан ишкерлер, ишмердүүлүгүн социалдык тармактар аркылуу өнүктүрүү жана каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалымат беришти.

Акыркы жети жылдан бери белгиленип жаткан форум, коомдун өнугүүсүндөгү аялдар ишкердигинин мааниси, аялдарды экономикалык жактан көз карандысыз болууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга, ийгиликтүү жана бактылуу болууга чакыруу максатына багытталгандыгы белгиленди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here