Акысыз адвокаттар чек арадагы Үч-Дөбө айылында болушту

0
689

Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары үчүн акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү.

Аталган айылга КРнын Юстиция министрлигине караштуу, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун адвокаттары барды.

Айыл тургундары юристтерден акысыз кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, бир катар укуктук маселелер боюнча жеринде маалымат  алышты.Чек арада жайгашкан айыл тургундары пенсия-пособие, миграция, жарандык алуу, турак жайды документтештирүү сыяктуу маселелер менен кайрылды.

Адвокат Динара Жусубалиеванын айтымында, Үч-Дөбө айылы чек арада жайгашкандыктан, Тажикстандан чыккан этникалык кыргыздардын жарандык алуу, чек аралар такталбагандыктан турак үйлөрдү документтештирүү маселелери бар. Жарандар бул сыяктуу маселелер менен район борборуна бир канча ирет барып, чече албаган соң кол шилтеп койгон учурлар көп. Мына ушундай маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө даярбыз дейт адвокат айым.

Иш чара АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган АКСЕЛС уюму аркылуу ишке ашырылып жаткан “Укугуңду бил” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Үч-Дөбө айылы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан.

Айылда 2850  эл жашайт.

Айыл башчысынын маалыматында, дээрлик ар бир үйдө  миграцияга чыгып кеткен жарандар бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here