Биринчи Элдик Курултайга Баткен облусунан 71 делегат шайланды. Мындай чечим өткөн жуманын соңунда жергиликтүү курултайлардын жыйынтыгында белгилүү болгонун облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Делегаттар жергиликтүү курултайда негизги үч маселени тандап алышты. Жыйында таза суу, сугат суу маселеси, Жерлерди которуу, социалдык обьектилерди куруу же аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу маселелер сунушталды.
2022-жылдын 15-октябрынан 25-октябрына чейин өлкө аймактарында жергиликтүү курултайдын делегаттарын тандоо өткөрүлүп, облус боюнча жергиликтүү курултайга 3857 делегат шайланган. Биринчи Элдик Курултай Бишкек шаарында 25-ноябрда өтөт. Ага өлкө аймактарынан шайланган 1074 делегат катышат.