Президент басма сөз күнү менен куттуктады

0
345

7-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров  Журналисттерди жана жалпыга маалмдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. 

Өз сөзүндө Жапаров мамлекет турмушундагы саясий, социалдык-экономикалык маанилүү окуяларды ыкчам, так, ынанымдуу жана калыс жеткирүү милдети басма сөз кызматкерлеринин кесипкөйлүгү менен тыгыз байланыштуу экенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө коомчулукка маалымат таркатуунун жаңы ыкмалары, технологиялары артып, кулачын кеңири жайды. Салттуу журналистикага атаандаш болгон социалдык түйүндөр аркылуу коомдук пикирди жаратуу кадимки көрүнүшкө айланды. Мындай шартта маалымат таркатуучу болгон ар бир жаран коомчулукка пайда келтирем деген аруу ой-тилеги менен кошо тараткан ар бир сөзүнө да жооптуу экенин аңдап-билиши абзел,” — деп белгилейт өлкө башчы куттуктоосунда.

Кыргыздын туңгуч гезити — «Эркин-Тоонун» биринчи саны 1924-жылы, 7-ноябрда жарык көргөн. Анын урматына 1993-жылдан тарта 7-ноябрь Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here