Бүгүн президент Садыр Жапаров “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнүнө карата кайрылуу жасады. Өлкө башчы тарыхыбыздын белгисиз барактарын изилдөөнү жана мамлектеттин түптөлүүсүнө өз өмүрүн арнаган ата-бабалардын жана кыргыз-тажик чек арасында курман болгон баатырлардын эрдиктерин даңазалоону улантуу зарыл экенин билдирди.
«Тарыхыбыз жана ата-бабаларды эскерүү менен, эгемендикти көксөп, өмүрүн арнаган бабаларыбыздын, кийин ошол ой-кыялдар үчүн тоталитардык режимдин курмандыгына айланган аталарыбыздын, ошондой эле жакынкы күндөрдө эле мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн чек арада баатырдык менен курман болгон мекенчил жигиттерибиздин эрдиктерин элге жайылтуу аракеттерин жана жалпы эле тарыхыбыздын белгисиз барактарын изилдөөлөрдү улантуу зарыл!»— деп белгиленет кайрылууда.
Ошондой эле өлкө башчы кайрылуусунда кыргыз эли бардык мезгилдерди башынан өткөргөнүн, ата-бабалар эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу тутканы, каада-салтын, нарк-насилин бекем сактап келгени үчүн кылымдарга сакталып калганын белгилеп өткөн.
«Элибиз нечен кылымдардан берки тарыхый сапарында биринен сала бири алмашкан даңктуу да, кайгылуу да доорлорду башынан өткөрүп келе жатат. Башкаларды мындай коюп, кыргыз эли бирде гүлдөп-өнүккөн Улуу Кыргыз кагандыгы сыяктуу ири дөөлөттү түзгөн даңазалуу доорлорду, бирде эл катары жок болуп кете турган Үркүн сыяктуу оор трагедиялуу мезгилдерди башынан кечиргендигин айтсак жетиштүү болот.
Тарых барактарында мындай кырдаалдарга тушуккан дүйнөнүн канчалаган элинин аты гана калды. Ал эми эзелтеден эгемендикти аздектеп, мамлекеттүүлүктү туу туткан, катылган жоонун катыгын берген жоокерчилик замандардан бери көчмөн турмуштун башкалардан өзгөчөлөнгөн каада-салтын, нарк-насилин сактап келген кыргыз эли кылымдардан кылымга учук улап, сакталып келе жатат. Бул — биздин сыймыктана турган улуу тарыхыбыз», — деген Садыр Жапаров.
Ошону менен катар бул жылы бир катар тарыхый инсандардын мааракелери, Тоолуу Кыргыз облусун түзүү демилгесинин 100 жылдыгы белгиленгенин эскерип өткөн.
«Совет бийлигинин орношу менен өз алдынчалыкка ээ болгон, же болбосо ошол мезгилде түзүлүп жаткан өлкөлөрдүн катарында кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруунун башатында турган Абдыкерим Сыдыков, Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу жана башка көптөгөн кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын эмгеги элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.
Алардын бизге калтырган таберигин – мамлекеттүүлүгүбүздү, эгемендикти көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү – ар бир кыргызстандыктын эң негизги милдети экенин эсибизден чыгарбашыбыз зарыл!» — деди мамлекет башчысы
2017-жылы ошол туштагы президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрь “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күндөрү деп белгилөө үчүн атайым мыйзам долбоорун сунуш кылып, аны Жогорку кеңеш колдоп берген. Мыйзам 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине калыс тарыхый баа берүү максатын көздөгөн.