Баткен шаарында «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” жана “Маалымат жана басма сөз” күнүн утурлай волейбол мелдеши өтүүдө. Турнир 19дан 34 жашка чейинки жана 35 жаштан жогорку кыз-келиндер арасында болуп жатат. Мелдеште облусубуздун район-шаарларынан келген жана медиа кызматкерлерден түзүлгөн курама командалар таймашууда.
Иш чараны облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштурду.