Өлкө аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

0
324

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Мамлекеттик жөнгө салуу 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди. Буга катар Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Бишкекте 1-ноябрдан тарта көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады. Баткен шаарында болсо учурда көмүрдүн тоннасы сапатына жараша 9 миңден 12 миң сомго чейин сатылууда. Бул Кыргызстандагы эң жогорку баа.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here