Баткенде сибирь жарасы илдети боюнча абал кооптуу

0
501

Бул тууралуу облустук бийликтин чукул эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын кезексиз жыйынында айтылып, аталган илдеттин жайылуусун алдын алуу боюнча иш чараларды күчөтүү маселеси каралганын облустук бийликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында Кадамжай районунда сибир жарасын жуктурган жарандардын абалы жана аталган илдеттин алдын алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле айыл өкмөт башчыларына өзүнүн аймактарындагы сибир жарасынын очокторунун абалын карап чыгып, талапка жооп бере турган абалда кармоо тапшырылды.

Ушул жылдын 19-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында сибир жарасын жуктуруп алууга шектелип үч учур катталган. Алар учурда ооруканада дарыланып жатат.

Ал эми Баткен облусунун аймагында жалпы сибир жарасынын 15 очогу бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here