Баткенде «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күнү белгиленди

0
1126

Баткен шаарындагы эскерүүдө кыргыз мамлекетинин түптөлөшүнө салымы зор улуу инсандар Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев сыяктуу мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл чамбарлар коюлду. Облус жетекчилери жана шаар тургундары катышкан бул иш-чарада саясий реперссиянын курмандыктары жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү сыяктуу тарыхый окуялар эскерилип, ата-бабалардын рухуна багышталып куран окулду.

2017-жылы ошол туштагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык 7-8-ноябрь “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү» күндөрү деп жарыяланган. Кыргызстанда ошондон бери жыл сайын бул күндөр эскерүү күнү катары белгиленип келатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here