Баткен шаарында 9 айда 250гө чукул ит атылган

0
434

Баткен шаардык мэриясында кутурма оорусунун жана сибирь жарасынын абалы жөнүндө координациялык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Кеңешмеде кутурма оорусунун жана Сибирь жарасынын алдын алуу,  иттерди эмдөө, паспорттоштуруу, жолбун иттерди атуу, көмүү боюнча маселелер талкууланды.

Баткен райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Асель Кошбаева Баткен облусундагы жана Баткен шаарындагы жугуштуу оорулардын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 9 ай ичинде Баткен шаарында жаныбарлардын тиштөөсүнөн 29 адам жабыркаган. Өзгөчө коркунучтуу кутурма оорусу катталган эмес. Шаарда дарылоо мекемелери вакциналар менен үзгүлтүксүз камсыздалган. Баткен шаарында жалпы 238 ит атылган болсо, 162 ит эмдөөдөн өткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here