Баткенде ишкерден эки батир жана ири акча каражатын талап кылган жаран кармалды

0
1737

Баткенде  ишкерди опузалап, ири суммада акча талап кылган жаран кармалды. Ал мурдагы финансы полициясынын кызматкери -деп айтылат Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, октябрь айынын башында Баткен облусунун тургуну  милицияга кайрылып, май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана физикалык күч менен коркутуп, 3 млн сом акча талап кылып жаткан бейтааныш жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты боюнча  кылмыш иши козголуп,иликтөөнүн жүрүшүндө,  кылмышкердин Бишкектен эки батир, ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кыла баштаганы белгилүү болгон.

25-октябрда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, шектүүнү 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 миң долларды түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен кармашкан. Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну ,буга чейин бир нече жолу соттолгону маалымдалды.

Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here