Кыргызстандагы мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык сабактары киргизилет

0
1046

Кыргызстандагы мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык сабактары киргизилет.
Бул туурасында Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев бүгүн парламентте билдирди. Анын айтымында, учурда аскерге чейинки даярдоо сабактары кээ бир мектептерде гана бар. Азыр коргоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте тиешелүү жумуштарды иштеп чыгып, сунуштар берилди.

Ошондой эле учурда мугалимдерди даярдоо жана мектепке кошумча штат киргизүү маселеси каралууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here