Талас жана Жалал-Абад облустарында 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристелердин ата-энелерине 200 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

0
218

Талас жана Жалал-Абад облустарында 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристелердин ата-энелерине 200 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү билдирди.

Маалым болгондой, Таласта Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристе Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган. Кумар Аксокуев жана Нурлуукыз Бактыбек кызынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн ымыркайга Сейил аттуу ысым ыйгарылды. Буга чейин жубайлардын бир кыз, бир уулу болгон.

Ал эми Жалал-Абад облусунда Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристени Сузак районунун Кыр-Жол айылынын 19 жаштагы тургуну Сардиана Омуралиева жарыкка алып келген. Удаалаш төрөлгөн жаран анын биринчи наристеси.

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда түнкү саат 02:10до төрөлгөн. Анын салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр экени айтылган. Жакшылык деген ысымды президент Садыр Жапаров ыйгарган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here