Финансы министри Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүү планы тууралуу айтып берди

0
310

Финансы министри Алмаз Бакетаев облустагы жергиликтүү бийлик органдары жана жашоочулар менен жолугушууда күн тартибиндеги негизги артыкчылыктардын бири – Баткен облусу экенин билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, финансы министри ушул жумада президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри, Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана Кулунду айыл аймагынын башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Анда Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу; Булак-Башы айылындагы мектептин курулушу жана капиталдык ремонту; Интернационал жана Ак-Арык айылдарындагы мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү, ошондой эле райондордун экономикасын өнүктүрүүгө жана иш орундарды түзүүгө багытталган чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди бөлүү маселелери козголду. Финансы министри өзгөчө көңүлдү кризистен кийинки мезгилде бизнести колдоо жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо чараларын күчөтүүгө бурду.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here