Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Малатья шаарындагы “Веста” кургатылган өрүк фабрикасынын ээси Хакан Четинге Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод куруу сунушун берди.
Соода өкүлү Кыргызстан Баткен менен Ысык-Көл облустарында өндүрүлгөн өрүктү кайра иштетүүгө жана эл аралык рынокко чыгарууга кызыкдар экендигин кошумчалады.
Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында экологиялык таза продукцияны кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышуу чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, “Vesta” фабрикасы кургатылган жемиштерди өндүрүү үчүн аянты 5000 м2 болгон жабык аянтчага курулган. Бүгүнкү күндө Түркиянын Малатия жана Измир шаарларында 4 “Vesta Factory” заводу кызмат көрсөтүүдө.