Эдил Байсалов баткендиктер менен жолугат

0
317

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 1-2-август күндөрү Баткен облусунун тургундары менен жолугушат. 

Байсаловдун биринчи жолугушуусу 1-август күнү саат 10:00дө  Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен болуп, Раззаков шаарындагы маданият үйүндө өтөт. Андан соң Баткен району жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуу Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрында саат 16:00дө башталат.

Ал эми 2-августта Кадамжай районундагы жолугушуу Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүндө саат 10:00дө башталат. Ушундай эле жолугушуу Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен, саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залында өтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here