Ал үчүн 3 700 килограммдык жардыргыч заттар колдонулуп, Нью-Дели аймагынан беш миң адам эвакуцияланып,жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдү калың пленкалар менен бекемдеп жабышкан.
Кулатылган 103 метрлик эки имаратта 900 батир менен 20 дүкөн болгон.
Индия басылмалары мындай окуя өлкө тарыхында буга чейин болбогонун белгилешти.
Жогорку сот имараттардын ортосундагы аралык сакталбай, эреже бузганы үчүн, кулатуу чечимин чыгарган. Сот иштери тогуз жылдан бери созулуп келген.