Кечээ 29-августта, социалдык тармактарда BMW жана Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочулары Баткен шаарындагы Нургазиев көчөсүндө башка айдоочуларга тоскоолдук жаратып жолду жаап, тойго чыккан кортежди өткөргөн видео тасма тараган.
Бул видео чыгаары менен Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, унаалардын ээлери өз учурунда кармалган. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен милиция кызматкерлери тарабынан айдоочуларга бузуулар жөнүндөгү айып протоколу толтурулуп, айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короого киргизилген.